|
Альтернативная гражданская служба
|
|
АЛЬТЕРНАТИВАЛЫК (ТЕҢАТА) ЖАРАНДЫК КЫЗМАТ – аскерге чакырылуу курагындагы жарандарына алардын диний көзкараштарын, үйбүлөлүк абалын, же денсоолугун эске алып, мөөнөттүү анык аскердик кызматты алмаштырган аскерден тышкаркы кызматтын түрү. А. ж. к-ка чакырылган жарандар уюмдарга, менчигинин түрүнө жана чарба жүргүзүү шарттарына карабастан дыйкан (фермер) чарбаларга, анын ичинде табигый кырсыктардын, эпидемиянын ж. б. өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга жөнөтүлөт.
|